Базар-Коргондо Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

Базар-Коргондо Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

Билим АКИpress - Базар-Коргон районунда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата окуучулар арасында залкар жазуучунун чыгармаларын көркөм окуу, сахналаштыруу сынагы уюштурулду. Бул тууралуу аталган райондун билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Сынакка мектептик жана аймактык этаптардан тандалып келген окуучулар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар өздөрүнүн жогорку деңгээлдеги даярдыгын, чыгармачылыгын жана артисттик чеберчилигин көрсөтө алышты. Калыстар тобунун чечими менен №33 Ж.Турусбеков мектебинин окуучулары аткарган Ч.Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романынан Маңкурттун образы эң мыкты деп табылып, 1-орунду багындырышты.

Ал эми 2-орунга №6 Б.Осмонов мектебинин окуучусу Акбаранын монологу жана 3-орунга №30 Ө.Атабекова мектебинин окуучулары «Кылым карытар бир күн» романынан үзүндү менен татыктуу болушту. Башка катышуучуларга да ар түрдүү номинациялар боюнча грамоталар тапшырылды.

Мындай сынактарды, адабий кечелерди өткөрүү улантыла берет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up