Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинде ачык эшиктер күнү өттү

Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинде ачык эшиктер күнү өттү

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинде Ачык эшиктер күнү өттү. Ага мектеп бүтүрүүчүлөрү ата-энелери менен келишип, аталган окуу жайдын студенттери жана окутуучулары үчүн түзүлгөн шарттар менен кенен таанышты.

Окуу жайдын миссиясы эл аралык стандарттарга жооп берген жаңы инновацияларды жайылтуу менен чыгармачыл бүтүрүүчүлөрдү даярдоо болуп саналат. Ачык эшиктер күнүнүн жүрүшүндө алгач окуу жайга студенттерди кабыл алуунун мумкүнчүлүктөрү туурасында окуу бөлүмүнүн башчысы Анна Хьюз айтып берди. Андан кийин бул окуу жайда билим алуу жана жашоо дүйнөлүк стандарттарга туура келери айтылды. БАУда гуманитардык жана так илимдер мектеби иштейт.

Карлыгаш Куссаинова – университеттин студенттер ассоциациясынын президенти. Анын милдети – окуу маселелерине байланыштуу маселелерге жооп берүү. Окутуучу Роза Казакбаева окуу процесси англис тилинде жүргүзүлөрүн, студенттер англисче ой жүгүртүп, сүйлөп жана жаза билерин айтты. Ошондой эле, лабораториялык иштерди жасап, практика менен айкалыштыра билишет.

Окутуучу Мырза Каримов корпоративдик билим берүү программасы туурасында айтып берди. Ал программанын артыкчылыгы теория менен чектелбестен стажировкадан өтүп, практика менен айкалыштыргандыгына токтолду. Андан соң кампуста түзүлгөн шарттар тааныштырылды. Окуу жайдын китепканасында да болушуп, андагы илим жана билим боюнча абдан керектүү адабияттар менен таанышты. Ошондой эле, студенттердин ашканасынан да даам сызышты.

БАУда Борбордук Азия (Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстан өлкөлөрүнөн) мыкты окуган студенттерге стипендия берилип, окуу акысынан бошотулат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up