Нарындык мугалим Н.Асанбекова «Насаатчы» төш белгиси менен сыйланды

Нарындык мугалим Н.Асанбекова «Насаатчы» төш белгиси менен сыйланды

Билим АКИpress - Нарын районундагы Орто-Саз айылында жашаган Нарынкүл Асанбекова «Насаатчы» коомдук фондунун «Насаатчы» төш белгиси менен сыйланды. Ал бул сыйлыкка билим берүү тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн татыктуу болгон.

Сыйлык ээси 1987-жылдан бери Ж.Саламатов атындагы орто мектебинде физика жана математика сабагынан мугалим болуп эмгектенип келет. Кесиптештери белгилегендей, ал бул жылдар аралыгында көптөгөн окуучуларга терең билим, мыкты тарбия берди. Учурда анын окуучулары ар кыл тармактарда ийгиликтүү эмгектүүдө.

Ошондой эле, мугалим райондук, облустук ардак грамоталарды, «Билим берүүнүн мыктысы» наамын алган.

WhatsApp Image 2018-03-20 at 14.57.00

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up