Жан-Булак айылынын окуучулары райондук спартакиаданы жеңип чыгышты

Билим АКИpress - Нарын районунда грек-рим күрөшү боюнча өткөн спартакиадада Жан-Булак айылынын окуучулары командалык эсепте 1-орунду ээлеп, жеңүүчү болушту. Ага он салмак чен бирдикте 50гө чукул балбан катышып, өз салмактары боюнча күч сынашкан.

Спартакиаданын жыйынтыгында Жан-Булак айылынан барган 10 окуучунун жетөө өз салмактарында атаандаштарын жеңип, байгелүү орундарга ээ болушту. Тактап айтканда, Жеңишов Баяман (60 кг), Талатбек уулу Алмаз (65 кг), Сыдыков Бакай (80 кг) 1-орунду, Ташболотов Турдакун (45 кг), Бейшеналиев Салкынбек (71 кг) 2-орунду жана Жумадилов Нурадил (55 кг), Иманалиев Эрбол (65 кг) 3-орунду ээлешип, жеңишти камсыз кылышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up