М.Байдөлөтов атындагы мектебинин 4 окуучусу райондук спартакиаданын жеңүүчүсү болушту

М.Байдөлөтов атындагы мектебинин 4 окуучусу райондук спартакиаданын жеңүүчүсү болушту

Билим АКИpress - Нарын районунун Ийри-Суу айылындагы Муса Байдөлөтов атындагы орто мектебинин 4 окуучусу мектеп окуучулары арасында өткөн грек-рим күрөшү боюнча райондук спратакиадада ийгиликке жетишти. Алардын экөө өз салмактары боюнча чемиондукту жеңип алышты, ал эми экөөсү 2-орунду жана 3-орунду камсыз кылышты.

Алар: Султанкул уулу Адилет 91 кг, Эрлан уулу Иманбек 55 кг салмак категориясында чемпиондук наамды жеңип алышты. 55 кг салмакта Дүйшөнбеков Майрамбек 2-орунду, Нурлан уулу Бактияр 48 кг салмакта 3-орунду ээлешти. Спартакиаданын уюштуруучулары тарабынан тиешелүү даражадагы дапломдор менен сыйланышты.

Султанкул уулу Адилет менен Эрлан уулу Иманбекке облустук спартакиадага катышууга жолдомо берилди. Аталган мектептен бул мелдешке 7 окуучу катышкан.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up