Базар-Коргондо Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата мугалимдер арасында райондук сынак өтүп жатат

Базар-Коргондо Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата мугалимдер арасында райондук сынак өтүп жатат

Билим АКИpress - Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү тарабынан залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жана биз» аттуу сынагы 2018-жылдын 12-апрелинен 24-апрелине чейин райондун бардык айыл аймактарында өткөрүлөт.

Ушундай иш-чараларды биринчи болуп 12-апрель күнү Акман айыл аймагы баштады. Сынакка Токтогул атындагы №5, Тешебай Исак уулу атындагы №35, О.Палванов атындагы №51, Мураталиев атындагы орто мектептердин мугалимдер жамааты активдүү катышып, жогорку деңгээлдеги даярдыктарын көрсөтө алышты.

Ушундай эле сынак 16-апрель күнү Бешик-Жон айыл аймагындагы М.Мамбеталиев атындагы №7, Карача атындагы №8, Тагай уулу Камал атындагы №22, Сооронбаев атындагы №42 орто мектептеринин мугалимдер жамаатынын катышуусунда жогорку деңгээлде өттү.

Сынакта Ч.Айтматовдун калемине таандык аңгемелерден баштап, повесть, романдарынан үзүндү көрүнүштөр, көркөм окуулар, чыгармаларындагы каармандарга арналган обондуу ырлар жандуу үн менен аткарылып, маалыматка бай баннерлер көрсөтүлдү.

Сынактын жыйынтыгында Акман айыл аймагынан Токтогул атындагы №5 гимназия орто мектебинин жана Бешик-Жон айыл аймагынан М.Мамбеталиев атындагы №7 гимназия орто мектебинин мугалимдери жеңүүчү деп табылды.

Иш-чара 24-апрелге чейин уланып, 25-апрелде айыл аймактардан жеңген мугалимдер сынактын райондук туруна катышат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up