Базар-Коргондо «Ч.Айтматовдун чыгармалары жана биз» сынагынын аймактык туру жыйынтыкталды

Базар-Коргондо «Ч.Айтматовдун чыгармалары жана биз» сынагынын аймактык туру жыйынтыкталды

Билим АКИpress - Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу орто билим берүү мекемелеринде 2018-жылдын 12-апрелинен тарта «Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жана биз» аттуу кароо-сынактын айыл аймактык турлары өткөрүлө баштаган.

Сынактын уландысы 17-апрелде Кеңеш, 18-апрелде Могол, Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, 19-апрелде Сейдикум жана 20-апрель күнү Талды-Булак айыл аймактарында жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Сынакта Ч.Айтматовдун калемине таандык аңгемелерден баштап, повесть, романдарынан үзүндүлөр, көркөм окуулар, чыгармаларындагы каармандарга арналган обондуу ырлар жандуу үндө аткарылып, маалыматка бай баннерлер көп адамды кайдыгер калтырбады.

Жыйынтыгында Кеңеш айыл аймагынан №14 1-Май орто мектеби, Могол айыл аймагынан Далбаев атындагы №17 орто мектеби, Арстанбап, Кызыл-Үңкүр айыл аймагынан Ташиев атындагы №21 орто мектеби, Сейдикум айыл аймагынан Жумабаева атындагы №44 мектеби жана Талды-Булак айыл аймагынан Чойбеков атындагы №27 мектептери эң мыкты деп табылып, сынактын райондук туруна жолдомо алышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up