Кыргызстандагы биринчи «Make-athon»: Сузактын жаштары курч социалдык маселелерди чечүү жолдорун сунушташты

Кыргызстандагы биринчи «Make-athon»: Сузактын жаштары курч социалдык маселелерди чечүү жолдорун сунушташты

Билим АКИpress - 2018-жылдын 8-май күнү Ош шаарында «Жагымдуу Кыргызстан» аталышындагы алгачкы «Make-athon» башталды.

«Make-athon» — бул социалдык маанилүү долбоорлорду иштеп чыгуучулардын форуму, ал жерде идеяларга шыктанган жаштар 48 сааттын аралыгында өз коомчулуктарындагы актуалдуу маселелерди чечүүгө багытталган долбоорлорду иштеп чыгышат.

Бул иш-чарага Сузак районунун 5 мектебинен 10 команда катышып, алар жол коопсуздугу, өспүрүмдөр арасында чыр-чатактар, фельдшердик-акушердик пункттардын техникалык жабдыктарынын жана тейлөөнүн начардыгы, көчөлөрдөгү таштандылар, спорт залдардын жоктугу сыяктуу маселерди чечүү үчүн креативдүү ыкмаларды издешти.

Make-athonдун катышуучулары өз идеяларын ишке ашырууга керек болгон кызыктуу ыкмалар менен таанышып, жаңы медиа-технологияларды пайдалануу жана социалдык долбоорду ишке ашырууга керектүү жөндөмдүүлүктөрдү үйрөнүшөт.

Командалар тажрыйбалуу устаттар жана тренерлер менен биргеликте иш алып барышты. Ал эми атайын чакырылган эксперттер жана калыстар катышуучуларга өз сунуштарын беришти. Форумдун жыйынтыгында «эң мыкты» аталган долбоорлор акчалай колдоого жана кызыктыруучу байгелерге ээ болушту.

b833da6e67ae2c1c4987303d975b1f62_500_0_0

Иш-чаранын дагы бир маанилүү бөлүгү болуп «Жаштардын демилгелери жарманкеси» эсептелет. Бул жарманке жаштардын, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү менен тажрыйба жана ой бөлүшүүсү үчүн ачык аянтча. Жарманкенин алкагында катышуучулар жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү үйрөнүү жана жергиликтүү жаш активисттер менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн алышты..

Иш-чара «Балдарга жана жаштарга жагымдуу Кыргызстан» долбоорунун алкагында Борбордук Азиядагы Билим Берүүчү Дебат Ассоциациясы (IDEA СА) жана БУУнун балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен биргеликте Улуу Британия өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up