Билим АКИpress: «Ажарлуу пери» аталган Айдананы Таттыбүбү Турсунбаевага окшоштурушат (фото)

Билим АКИpress: «Ажарлуу пери» аталган Айдананы Таттыбүбү Турсунбаевага окшоштурушат (фото)

Билим АКИpress үлгүлүү окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүнүн 3-курсунун студенти, «Манастын ажарлуу периси» наамын жеңип алган Айдана Топчубаева.

«Мен 1997-жылдын 31-январында Ош шаарында төрөлгөм. Үч бир туугандын улуусумун. Билим сапарым В.Терешкова атындагы мектеп-интернатында башталган. Андан кийин Курманжан датка атындагы орто мектебинде окуп, 7-класстан кийин Уркуя Салиева атындагы таланттуу балдардын лицей мектеп-интернатында окуумду уланттым (азыр байкасам, 3 мектеп тең чыгаан аял кишилердин аттарын алып жүрөт экен). Аталган мектепти 2014-жылы артыкчылык аттестаты менен бүтүрдүм.

Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алгандыктан, Кыргызстандагы бардык бюджеттик орундарга өтүү мүмкүнчүлүгүм бар эле. Анын үстүнө, кошумча предметтик сабактардын баарын тандап, жетиштүү упай топтогом. Бирок ага карабай, Кыргыз-Түрк «Манас» университетине өзүнүн тестин тапшырып, ушул жакта окууну тандадым. Буга мектептеги мугалимдерим таң калышкан. Бирок мен биринчи кесипти тандап, андан кийин ал бөлүм кайсы окуу жайда күчтүү деп сураштырып, бул чечимди кабыл алгам.

Журналистика — бул менин өз каалоом менен тандаган бөлүмүм. Мектепти аяктап жатканда эл аралык мамилелер багытын, жактоочу, психолог сыяктуу кесиптерди тандасамбы деп да ойлонуп жүрдүм. Апам мага айтпаганы менен, ичинен менин дарыгер болуумду каалаганын сезчүмүн. Бирок мага дайым «Өзүң сүйгөн кесипти танда, ошондо ал кесиптин эң мыктысы болосуң» дечү.

Канчалык баналдуу болбосун, бирок өзүм кичинекей кезимден эле дикторлорго суктанып, алардай болууну кыялдана берчүмүн. Кээде актриса болом десем, таенем «артист болосуңбу?» деп жактырбагандай айтып койчу.

Мектепте көркөм окууга аябай кызыкчумун. Иш-чара өтсө эле көркөм окуп, монолог айтып, алып баруучу болуп сүйүнө берчүмүн. Кийинчерээк облустук деңгээлдеги окуучуларга арналган иш-чараларды алып барып калдым. Окуучу кезимде бир убактарда «Элтр» каналындагы балдарга арналган «Жеткинчек» берүүсүн да алып барып жүрдүм. Ошондой эле окуучу кезимде дебаттарга катышчумун. Шаардык дебаттык оюндарда 1-2-орундарды жеңип алганбыз. Айтор, дикцияны туура коюп сүйлөгөн менин фишкам эле. Азыркы кесибим мага бир калыпка салынбаганы менен жагат. Ар күнүң ар башкача өтөт, түрдүү кишилер менен баарлашасың. Тынымсыз идея издеп, ойлонуп жүрөсүң.

Мектепте математика, тил жана адабият сабактарын кызыгып окучумун. 10-классымда математика боюнча олимпиадага катышып, облустук турунан 3-орунду алгам. Мындан сырткары, Ош технологиялык университети жыл сайын облустук деңгээлде так илимдерден олимпиада өткөрүп турчу. Ага 2 жолу катышып, 2-3-орундарды алгам. 11-классымда кыргыз тили боюнча олимпиадага даярданып, 1 упай айырма менен 2-орунду алып калып, 3-турга келбей калгам. Кыскасы, эки жолу тең республикалык олимпиадага катыша албай калдым.

«Манас» университетинде даярдоо бөлүмүн эң алдыңкы студент болуп бүтүрдүм. Буга чейин «биринчи» болгондорду Түркияга эс алууга жиберчү экен, мен бүтүргөн жылы андай болбой калды. Бирок бизден кийинки бүтүргөндөрдү жибериптир. Түркчө көркөм окуу боюнча 1-орунду алып, утуп алган акчалай сыйлыгыма телефон алганда аябай сүйүнгөм. 1-курстан баштап Студенттик координаторлукта Кыргызстандын өкүлү болуп иштедим. Университетте окуган ар улуттун өкүлдөрү менен ынтымакты бекемдөө максатында иш-чараларды уюштурат элек.

«Манастын сыймыктары» деген фейсбукта тайпа бар болчу. Ал жакта окуу жайыбыздын сыймыктуу студенттеринен маек алчубуз. Кийин Студенттик башкармалыктын демилгеси менен студенттер өзү иштеткен сайт ачылды. Ал жакта кыргызча кабарларды жазып, сюжеттерди жасадым. Быйыл ошондой эле сайт бүтүрүүчүлөр үчүн ачылды. Ал жакта бүтүрүүчүлөр менен видео форматта маек куруп, жүктөйбүз. Ушинтип кээ бир гезиттерге макала жазып, анча-мынча маек алып, программаларга берип жүрдүм. Биздин университетте сабактардын графигин бир күнгө жайылтып салгандыктан, бир жерде көп убакытка, туруктуу иштеген жокмун. Ошентсе да, тажрыйба топтоого дайыма аракет кылып келе жатам.

Адамда алгач каалоо болуш керек. Андан кийин аракет болсо, баарына жетише алат деп ойлойм. Бирок көп нерсеге жетүүнү кааласа, анда кээ бир нерселерден баш тартууга туура келет. Мисалы, достор менен сейилдегенден, сериал көрүүдөн ж.б. Албетте, биротоло баш тартуу керек эмес. Буларды уктаганды жакшы көргөн бир кыз айтып жатат (күлүп).

Мен чет өлкөдө окуйм деп дайым максат койчумун. Ал үчүн стипендия төлөп берген окуу жайга өтүшүм керек эле. «Түркия стипендиялары» программасына 2 жолу тапшырып, өтпөй калгам. Бирок былтыр «Мевлана» алмашуу программасы менен Түркиядагы 95 миң студент окуган, өлкөдө алдыңкы 10 университеттин катарына Селчук университетинде окуп келдим. Биздин окуу жай менен окуу программасында айырмачылыктар жокко эсе. Болгону студент көп болгондуктан, тайпамдагылар бири-бирин таанышпайт болчу. Окуу менен бирге Түркиянын көп жерлерин көрүп келдим. Биз алардан жакшы кызмат көрсөтүүнү үйрөнсөк болот. Алар дайым жылмайып мамиле кылышат. Бизде «алсаң ал, албасаң жогол!» деп бетке эле айтышат. Алар туристтик өлкө болгон үчүн чет өлкөлүктөргө сый мамиле кылуу канына сиңип калган.

Учурда «Азаттык+» программасында алып баруучу катары жаңы кадам таштап жаткан студент ал жакка кантип келип калганы тууралуу да айтып берди.

«2017-жылдын ноябрь айында кастинг болгон. Кастингден, бир айлык сыноодон өтүп, бирок, тилекке каршы окуума байланыштуу баш тартууга туура келген. Ал эми быйыл база чогултуп жатабыз деп чакырып калышты. Кайра барып кастингден өттүм», - деди өз сөзүндө Айдана.

Айдананын сүрөтүн көргөндөр аны Таттыбүбү Турсунбаевага окшоштурушат. Өзү да буга чейин мындай пикирлерди укканын айтты.

«Ооба, кээде ушинтип айтып калышат. Сүрөттөрүмө да «окшош экенсиң» деп комментарий жазгандар болот. Легендарлуу актрисанын сүрөтүн жүктөп койсом, апаңбы деп сурашкан. Канчалык окшош экенимди айта албайм. Бирок муну уккан мага жагымдуу. Балким, дайым чачымды түйүп жүргөнүм үчүн окшоштурушат», - дейт Айдана.

Жазган: Түркиядагы Кастамону университетинин 2-курсунун студенти НАРГИДА МАЛИКОВА.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу балдар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up