Таластагы №3 мектептин 10 бүтүрүүчүсү немец тили боюнча сынакта эл аралык сертфикаттарды алышты

Таластагы №3 мектептин 10 бүтүрүүчүсү немец тили боюнча сынакта эл аралык сертфикаттарды алышты

Билим АКИpress - 21-майда Талас шаарындагы №3 мектеп-гимназиясында билим алган 10 бүтүрүүчү немец тили боюнча эл аралык сынакка катышып, 1-2-даражадагы сертфикаттарга ээ болушту.

Аталган мектеп-гимназиянын немец тили мугалими, Эл агартуунун отличниги Чолпонбай Мамырбековдун айтымында, немец тили тереңдетилип окутулуп, мектеп Германиянын бир нече билим берүү уюмдары менен кызматашат.

«Бул мектепте бир нече жылдардан бери Германиядан келген жогорку билимдүү мугалимдер окуучулардын тил үйрөнүүсүнө өз салымдарын кошуп келишет. Бул жерде билим алган 9-11-класстын окуучулары немец тилинен сынакка катышып, 1-2-даражадагы сертификаттарга ээ болушат. Сертификатка ээ болгон окуучулар Германиянын атайын орто жана жогорку окуу жайларында окуусун улантып, жумушка орношуусуна мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Быйыл да мектептин 10 бүтүрүүчүсү аталган сынакты ийгиликтүү тапшырып, 2-даражадагы «Б2» жана «С1» эл аралык сертификаттарын алышты. Сертификаттарды Германиянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары А.Берг жана Германиянын эл аралык билим берүү уюмунун Кыргызыстандагы координатору Р.Вагнер салтанаттуу түрдө тапшырышты. Бүтүрүүчүлөрдү мындай жооптуу сынакка мен жана немец тили мугалими Макс Бакерт даярдайбыз», - деди Чолпонбай Мамырбеков.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up