Бишкекте мектептик лагерлер өз ишин баштады

Бишкекте мектептик лагерлер өз ишин баштады

Билим АКИpress - 4-июндан 29-июнга чейин Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан мектептик лагерлерде балдардын эс алуусу уюштурулат. Эс алууга шаардагы 35 мектептен 3 миң 700 окуучу камтылат.

Мектепетик лагерлердин салтанаттуу ачылыш аземи 7-июнда өтөт.

Лагерлер 8:00дөн 14:00гө чейин иштеп, балдар үчүн тамак уюштурулат.

Мектептик лагерлер менен балдар чыгармачылык борборлорунда спорттук-ден соолукту чыңдоочу, адеп-ахлактык жана эстетикалык, көңүл ачуучу багыттар боюнча иш-чаралар өткөрүлөт. Лагерде «Көңүлдүү спартакиадалар», жол кыймылынын коопсуздугу боюнча «Көчөлөр жана жолдор боюнча кыймыл» аттуу оюн формасындагы сабактар, «Жаратылыш дүйнөсүнө саякат» экскурсиялары, жомоктор боюнча адабияттык викториналар, сүрөт сынактары, шашка боюнча лагердеги биринчилик, шаардык бассейндерге, «Сыйкырдуу кино дүйнөсү» кинотеатрларына баруу ж.б. көптөгөн иш-чаралар каралган.

Мектептик лагерлерде Бишкек шаарынын Балдар чыгармачылык борборлорунун, Республикалык «Алтын Түйүн» балдар инженердик-техникалык академиясынын ийримдери иштейт.

Ар бир иш-чара ар тараптуу тарбиялык мүнөзгө ээ, тарбия берүү процессинин бардык аспектилерин жана багыттарын камтыйт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up