Алайку өрөөнүндөгү 3 айыл өкмөттүн мектептеринин арасында спатакиада болуп өттү

Алайку өрөөнүндөгү 3 айыл өкмөттүн мектептеринин арасында спатакиада болуп өттү

Билим АКИpress - Кара-Кулжанын Алайку өрөөнүндөгү Көк-Арт айылында 3 айыл өкмөттүн мектептеринин арасында спатакиада болуп өттү. Бул тууралуу Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, спатакиадага Алайку өрөөнүнүн Кызыл-Жар, Алайку, Ой-Тал айыл аймактарындагы 11 мектептин окуучулары жана мугалимдер жамааты катышты.

Аталган иш-чара Аймактарды өнүктүрүү жылына карата уюштурулуп, анда тогуз коргоол, шахмат, волейбол боюнча мелдештер өткөрүлдү.
Жыйынтыгында жеңген командалар райондук билим берүү бөлүмү тарабынан баалуу сыйлыктар жана Ардак громаталар менен сыйланышты.
Андан сырткары, иш-чара концерттик программалар менен коштолду.

Көк-Арт айылы Кара-Кулжа районунун борборунан 120 чакырым алыстыкта жайгашып, эң алыскы айыл болуп саталат. Башкача айтканда, Кытай менен чектешип, тоо арасында жайгашкан. Айылда 400дөн ашуун түтүн жашайт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up