Нарында кыска мөөнөттүү курстардын бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылды (фото)

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө 5-сертификат тапшыруу аземи өттү. Ага чет элдик коноктор менен бирге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да келип катышты.

Кыска мөөнөттүү курстарды жана программаларды (бухгалтердик эсеп, медицинадагы англис тили, эл аралык жогорку окуу жайга даярдоо программасы, менталдык арифметика, орус тили, кыргыз тили, ЖТРга даярдоо, англис тили улуу муун үчүн) 85 бүтүрүүчү мыкты аяктап, сертификаттар менен сыйланышты.

Аземге катышкан ата-энелер жана бийлик өкүлдөрү балдарына билим берген мугалимдерге жана мектептин жетекчилигине терең ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгиликтерди каалашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up