Нарындагы М.Байдөлөтов мектебинде уюшулган лагерде 25 окуучу эс алууда

Билим АКИpress - Нарын районундагы М.Байдөлөтов атындагы орто мектебинин алдында уюштурулган 20 күндүк жайкы лагерге 0-4-класска чейинки 25 окуучу тартылган.

«Лагерди уюштуруунун максаты – балдардын бош убактыларын пайдалуу өткөрүү менен алардын дүйнө таанымын ойготуп, көндүмдөрүн калыптандыруу», - деди мектептин директору Канат Кенжебай уулу.

Анын айтымында, мектептин мугалимдери демилге менен чыгышып, өз каражаттарынын эсебинен «Келечек» балдар лагерин уюштурушкан. Мектептин алдына боз үй тигишип, балдардын эс алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүшкөн. Лагерь күн сайын эрте мененки саат 10:00дөн баштап 13:30га чейин иштеп, мугалимдер ар кандай кызыктуу оюндарды, сынактарды өткөрүшөт. Балдар сыналгыдан кызыктуу берүүлөрдү көрүшүп, китеп окушат. Улуттук спорттук оюндарды ойношуп, көңүлдүү эс алышат. Алар үчүн бир маал ысык тамак да уюштурулган.

Лагерь 24-июнга чейин иштейт. Жыйынтыгында өз активдүүлүгүн көрсөткөн эс алуучуларга баалуу белектер тапшырылат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up