ЖРТ-2018: Р.Усубалиев атындагы мектептин бүтүрүүчүлөрү «ProKG» уюму тарабынан сыйлыктарга татыды

Билим АКИpress - Нарын районуна караштуу Р.Усубалиев атындагы орто мектебинин ЖРТдан алдыңкы упай топтогон бүтүрүүчүлөрү «ProKG» уюму тарабынан жарыяланган «Менин мектебим» долбоорунун негизинде сертификат жана стипендиялар менен сыйланышты. Бул тууралуу аталган мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Саламат Абдыбалиев маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, сыйлыкка татыган окуучулар: Уулжан Бектурова, Койчубек уулу Тимур жана Бурулсун Расулова.

«Сыйлыктарды биздин мектеп менен иштешип жаткан уюмдун куратору Сагындык Усубалиев агай келип тапшырды. «ProKG» уюму менен биздин мектеп кызматташа баштаган жылдан тарта окуучуларга колдоо көрсөтүп, алардын билимге умтулуусуна стимул берип келет. Ошону менен катар 2017-2018-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү аттесстаттарын, талондорун алып, келечекке карай жол алышты. Сыйлык тапшыруу аземи жалпы бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, өздөрү каалаган окуу жайга өтүп, келечекте мыкты инсан болсун деген жакшы каалоо-тилектер менен жыйынтыкталды», - деди С.Абдыбилиев.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up