Ноокаттык 3-класстын окуучусу менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадада чемпион аталды (фото)

Ноокаттык 3-класстын окуучусу менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадада чемпион аталды (фото)

Билим АКИpress - Ноокат районуна караштуу Кырыгыз-Ата айылынын 3-классынын окуучусу Айчолпон Талипжанова Дубайда өткөн менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадада 1-орунду багындырып, чемпион аталды. Бул тууралуу аталган айылдын өкмөт башчысы Бакытбек Марипов билдирди.

Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Кыргыз-Ата айылынын Т.Темиралиев атындагы орто мектебинин 3-классынын окуучусу Айчолпон Талипжанова 23-июнь күнү Дубайда өткөн менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадада 1-орунду камсыздады. Олимпиадага 15 мамлекеттен 1 миң 500 окуучу катышкан.

Айчолпон мектепте эң алдынкы окуучулардын бири. Ага менталдык арифметика боюнча Мунира Исакова сабак берет. Ал буга чейин 14-июнь күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн эл аралык олимпиадада алдыңкы орунду ээлеп, Дубайда өтүүчү менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадага катышууга жолдомо алган.

Айчолпондун атасы Талипжанов Ош мамлекеттик университетинин проректору болуп эмгектенет, ал эми апасы Айнура Тамарова — орус тили мугали.

«Биз менталдык арифметика боюнча окууну колго алуу максатында аймактагы бардык мектептерге кошумча сабак киргизилип, толук шарттары айыл өкмөт тарабынан түзүлүп берилген. Мындан ары менталдык арифметика сабагын кеңири жайылтуу пландалууда. Анткени менталдык арифметика балдардын ой жүгүртүүсүн, логикасын жана мээнин иштөөсүн жакшыртат», - дейт Бакытбек Марипов.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up