Бүтүрүүчү-2018: «Алтын тамга» аттестатын алган таластык Бегимай дарыгер болууну көздөп жатат (фото)

Бүтүрүүчү-2018: «Алтын тамга» аттестатын алган таластык Бегимай дарыгер болууну көздөп жатат (фото)

Билим АКИpress - Талас шаардык №3 гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү Бегимай Абдыкадырова «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болду.

Анын айтымында, ал 1-классынан бери жалаң «5» деген баага окуп, 9-классты да кызыл күбөлүк менен аякатаган.

«11-класста «Алтын тамга» тестирлөөсүнө катышып, 5 предметтен тест бергем: алгебра, орус тили жана адабияты, кыргыз тили, химия жана биология. Ошол тестирлөөдө жакшы жыйынтык көрсөтүп, бардык сабактан «5» алып, кызыл аттестатка татыдым.

Мен кызыккан сабак — бул химия. 9-11-класстарда химия сабагынан олимпиадага катышып, 9-класста 1-орунду алгам. Химияны абдан кызыктуу сабак деп эсептейм, анткени ал жактан бир гана окуп эмес, андан башка көптөгөн эсептерди чыгарасың жана лабораториялык иш жасайсың, реагенттерди кошуп, заттын кандай өзгөчөлүктөрү бар экенин аныктайсың. Химия сабагынан берген эжем Айнура Разабековнага бизди окутканы үчүн чоң рахмат!

Быйылкы жалпы республикалык тестирлөөдөн 200 упайдан жогору алсам экен деп тиленип жүргөм. Мектепте сентябрдан баштап ЖРТга даярдоо боюнча орус тилинен, алгебрадан жана биологиядан курстар башталган. Андан тышкары, алгебра курстарына өзүнчө мугалимге баргам. Негизги тесттен 202 упай топтодум.

Келечекте дарыгер болгум келет, ошондуктан Медициналык академияны тандадым», - деди ал.

Бегимай үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up