Өмүрбек Бабановдун уулу президент Сооронбай Жээнбековдун колунан «алтын сертификат» алды

Өмүрбек Бабановдун уулу президент Сооронбай Жээнбековдун колунан «алтын сертификат» алды

Билим АКИpress - Саясатчы Өмүрбек Бабановдун уулу Нурэмир Бабанов, бүгүн, 3-июлда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун колунан «алтын сертификат» алды. Ал жалпы республикалык тестирлөөдөн 224 упай топтогон.

Анын айтымында, ал «алтын сертификатты» колдонбойт, анткени окуусун Кыргызстандан улантпайт. «Мен чет өлкөдөгү жогорку окуу жайга тапшырып койдум, бирок кайсы экени айтылбайт», - деди ал Билим АКИpress сайты менен келечек пландары тууралуу бөлүшүп жатып.

Ал ошондой эле атасы экөө жалпы республикалык тестирлөөдөн алган жыйынтыкка нааразы экенин билдирди. «Бизде бийиктикке чек жок деп эсептелет. Мен максималдуу жыйынтыкка чейин жетким келген, бирок бир аз төмөнүрөөк болуп калды. Мен буга канааттанбайм. Бирок апам абдан ыраазы», - деди Н.Бабанов.

Нурэмир инженерлик билим алып, робототехника менен алектенүүнү пландап жатат. «Андан кийин кандай болорун көрөбүз», - деп белгилеп өттү ал техникалык билим алууну максат кылып жатканын айтып.

ЖРТга даярданганы боюнча Нурэмир жакшы чыгып, мектептин статусун коргоп жана мыкты жыйынтыккка жете аларын өзүнө далилдөө милдетин койгонун айтты. Ошентсе да, анын ою боюнча, ЖРТ системасы аягына чейин бүтпөй калган жана жетиштүү түрдө объективдүү эмес.

«Биринчиден, бул тест жана анда ийгилик менен жолу болуучулук фактору роль ойнойт. Экинчиден, тест белгиленген күндөрү жана 1 эле жолу тапшырылат. Тактап айтканда, бул учурда сенин физикалык, психикалык жана эмоциялык абалың кандай экенин эч ким билбейт. Адам тестке жылдап даярданган учур болот, бирок тест берер күнү ооруп калып, башка жыйынтык көрсөтүшү мүмкүн. Ошондуктан ЖРТ өлкөнүн эң мыкты 50 абитуриентин көрсөтө алат деп эсептебейм. Мисалы, башка өлкөлөрдө улуттук тесттер 3 жолудан берилет жана анын мыкты жыйынтыгы жогорку окуу жайга жиберилет», - деп белгиледи ал.

Е.Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейиндеги окуу тууралуу Нурэмир Бабанов бул мектепте жалаң «5» деген баага окугандар болбойт экенин айтты. «Менде «3» деген 1-2 баа болгон, дүйнөлүк тарыхта көйгөйлөр жаралган», - деп айтып берди бүтүрүүчү Билим АКИpress сайтына.

Башка өлкөдө өз алдынча жашоого даярдыгы тууралуу Нурэмир «бул үрөй учурган факт, бирок ошол эле учурда абдан кызыктуу» экенин белгилеп өттү. «Өз алдынчалык фактору абдан кызыктуу сезилет», - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up