Фото — Президент С.Жээнбеков ЖРТдан жогорку упай топтогон бүтүрүүчүлөргө «алтын сертификаттарды» тапшырды

Фото —  Президент С.Жээнбеков ЖРТдан жогорку упай топтогон бүтүрүүчүлөргө «алтын сертификаттарды» тапшырды

Билим АКИpress - Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, бүгүн, 3-июлда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упайларды топтогон мектеп бүтүрүүчүлөрүнө «алтын сертификаттарды» тапшырды.

«17 жылдын ичинде тестирлөөгө 700 миңден ашуун мектеп бүтүрүүчүлөрү катышты. Мени кубанткан көрүнүш — мурдагы жылдарга караганда, алдыңкы бүтүрүүчүлөрдүн арасында Кыргызстандын бардык аймактарынан өкүлдөрдүн көбөйгөнү жана алардын тестирлөөдө алган орточоупайынын жогорулашы. Бул жетишкендик — акыркы жылдарда өлкөдө билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, приоритеттүү тармак катары таанылып, республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын көлөмүнүн өсүшүнүн алгачкы жыйынтыктары», — деп белгиледи президент.

Мамлекет башчысы бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик сынактарды ийгиликтүү тапшырып, орто мектепти аякташы менен куттуктап, Кыргызстандын эӊ алдыӊкы бүтүрүүчүлөрүнө мамлекет өзгөчө үмүт менен карай турганын белгиледи.

«Өлкөбүздүн таланттуу жаштары катары силерди турмуш жолуна аттандырып жаткан ата-энеӊер, мугалимдер менен чогуу биз да сыймыктанабыз. Келечекте элибизге, жерибизге жакшы ийгиликтерди алып келген инсандар болот деп ишенебиз», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясатынын эң башкы принциби — сапаттуу жана үзгүлтүксүз билим берүү системасын түзүү экенин белгилеп өттү.

«Бизде нефть менен газ жок жана дүйнөлүк рынокто биз билимибиз менен гана атаандаштык жарата алабыз. Билимдүү жарандар гана өлкөнүн атаандашуу жөндөмүн жана экономикалык гүлдөп-өнүгүшүн камсыз кыла алышат. Биздин жарандар кайсыл куракта, кайсыл жерде болбосун, билимге жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу зарыл. Билим гана дүйнөнү өзгөртөт, билим гана адамды максатка жеткирет. Мен Кыргызстандын келечегин сапаттуу билим алган татыктуу муундан көрөм», — деди Сооронбай Жээнбеков «алтын сертификат» ээлерине кайрылып.

Өлкө башчысы бүтүрүүчүлөр келечекте билимдүү жана жооптуу адамдардан болуп, өнүккөн өлкөнү курууга даяр болоруна ишеним билдирди. Ал Кыргызстанда он жетинчи жолу өткөрүлүп жаткан жалпы республикалык тестирлөө жогорку окуу жайларына кабыл алуу кампаниясын өткөрүүдө коррупциялык коркунучтарга каршы ийгиликтүү долбоор болуп калганын белгиледи.

«Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат». Силер Кыргызстанда 60 миңге жакын бүтүрүүчүнүн арасынан өзүңөрдүн билимиңер менен, эмгегиңер менен айырмаланып, эң жакшы бийиктиктерди багынтып отурасыңар. Силерге терең билим, татыктуу тарбия берип, ушул даражага жеткирген мугалимдердин жана ата-энелердин эмгеги чоң. Турмуш жолуңарга багыт берген мугалимдериңерди дайым ыраазычылык менен эстеп жүрөсүңөр деп ишенем», - деп билдирди С.Жээнбеков.

Президент «алтын сертификат» ээлерине бекем ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалады.

«Мекен керегине жараган татыктуу улан-кыздардан болгула! Силер — Кыргызстандын келечегисиңер!», — деп сөзүн жыйынтыктады президент Сооронбай Жээнбеков.

Бүтүрүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана ноутбуктар тапшырылды. Жолугушуунун соңунда мамлекет башчы менен бүүтүрүүчүлөр эстеликке сүрөткө түшүштү

Маалымдама: Бул жылы «алтын сертификаттарды» Кыргызстандын жалпы билим берүүчү мекемелеринин 59 бүтүрүүчүсү алды. 2018-жылдын эң жогорку упайы 237 болду. КР президентинин алкыш баракчалары менен сыйлоо аземине 59 бүтүрүүчүлөрдөн башка дагы ар бир облустан 7 бүтүрүүчү чакырылган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up