ОшМУнун «Билим» лицейинин 2 бүтүрүүчүсү президенттин сыйлыгына ээ болду

Билим АКИpress - Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков 3-июлда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упайларды топтогон мектеп бүтүрүүчүлөрүнө «алтын» сертификаттарды тапшырды.

Бул саамалыкта Ош мамлекеттик университетинин «Билим» лицейинин бүтүрүүчүсү Акназар Амиракулов жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 219 упай топтоп, президенттин колунан «алтын» сертификат алды. Ошондой эле Эрлан Жээнбеков 217 упай алып, өлкө башчысынын сыйлыгына татыды.

Мамлекет башчы билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясатынын эң башкы принциби — сапаттуу жана үзгүлтүксүз билим берүү системасын түзүү экенин белгилеп, сертификат ээлерин ийгилиги менен куттуктады.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up