Сузактын окуучулары коомдук сурамжылоонун негизинде актуалдуу маселелерди аныктап чыгышты

Сузактын окуучулары коомдук сурамжылоонун негизинде актуалдуу маселелерди аныктап чыгышты

Билим АКИpress - 12-июндан 14-июнга чейин «Демилгелүү жаштар» долбоорунун алкагында Жалал-Абадда комдук талкуулар өткөрүлдү. Иш-чарада мектеп парламенттеринин өкүлдөрү жана жергиликтүү жаш активисттер өз коомчулуктарындагы социалдык-маанилүү маселелер боюнча изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын сунушташты. Сурамжылоонун жыйынтыгы менен эң актуалдуу маселелер миграция, инвестициялар, билим берүүнүн сапаты, айыл өкмөтүнүн бюджети экендиги айтылды.

Изилдөөнүн жүрүшүндө окуучулар төмөнкү маселелерди аныкташты. Ленин айылдык аймактын негизги маселеси ички жана тышкы миграция экендигин сурамжылоого катышкандардын 32% айтышты. Жергиликтүү депутаттарга кайрылуу менен респонденттердин 31% жумуштун жетишсиздиги жана миграция маселелерин жергиликтүү калктын мүмкүнчүлүгү менен чечсе боло тургандыгын айтышса, 25% айылды өнүктүрүү үчүн инвестиция керек экенин белгилешти, ал эми 22% жаштардын жарандык активдүүлүгү миграция маселесин чечүүгө жардам
бере ала тургандыгын айтышты.

Барпы айыл өкмөтүндө сурамжылоого катышкандардын 49% негизги маселе катары таза суу маселесин айтышса, 37% жаштарга билим берүүнүн сапаты төмөн экенин белгилешти. Ал эми окуучулар айылдык бюджетти бөлүштүрүү учурунда маалыматтын жетишсиз экениндигине көңүл бурушту. Ошондой эле сурамжылоого катышкандардын жарымына жакыны, тагыраагы 46% өз айылын өнүгүүсүнө салым кошо ала тургандыгын айтты. Ал эми сунуштарга токтолсок, таза суу менен камсыз кылуу үчүн инвестицияларды тартуу сунушу маанилүү экендигин жашоочулар айтышты, ал эми 26% жашоочулар бул боюнча жергиликтүү депутаттар менен биргелешип иш жүргүзүүнү сунушташты.

Таза суу маселеси Көк-Арт айыл өкмөтүнүн тургундарын дагы кайгыга салат. Аны сурамжылоого катышкандардын 30% айтышты. Ал эми 37% жашоочулар жолдордун абалы өтө маанилүү маселе деп белгилешти. Себеби жолдордо жол кырсыктарынын болуу тобокелдиги жогору. Чечим катары мектеп окуучулары массалык-маданият жана спорт иш-чараларын жол кайгуул кызматынын кызматкерлери менен биргеликте өткөрүүнү сунушташты. Ошондой эле алар жаштарды ынтымакка келтирүү боюнча иш-чараларды уюштуруп, социлдык долбоорлорду ишке ашыруу керектигин айтышты.

Коомдук талкууларга айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын орун басарлары жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, жаштар комитеттеринин башчылары, мектеп администрациялары, айылдардын тургундары жана мектеп окуучулары катышышты. Коомдук угуулардын жардамы менен жаштар өз максаттарын жана идеяларын ата-энелерге, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, жергиликтүү калкка айтып беришти. Мындай пикир айтышуу аянтчалары жаштардын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана жашоочулардын пикир айтышуусу үчүн жардам берет.

«USAID» тарабынан каржыланган «Демилгелүү жаштар» долбоору Кыргызстандын жаштарынын экономикалык ишмердүүлүгүн жана жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу максатын аркалайт. Долбоор «MSDSPKG» (Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасы), Борбор Азия университети, Социалдык ишкерлер ассоциациясы жана «IDEA CA» (Борбордук Азиядагы эл аралык билим берүүчү Дебат ассоциациясы) тарабынан ишке ашырылат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up