Нарындык окуучу менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадада «Супер чемпион» аталды

Нарындык окуучу менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадада «Супер чемпион» аталды

Билим АКИpress - Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадада Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинин Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин окуучулары Дениза Майрамбекова менен Адинай Токтосунова ийгилик менен кайтышты.

Адинай Токтосунова «Супер чемпион» наамын жеңди, ал эми Дениза Майрамбекова 3-орунду алды.

«Бул предмет окуучулардын ой жүгүртүүсүн өстүрөт жана өз алдынча иштөөсүнө жардам берет. Ошондой эле билим алуу – балдардын келечеги үчүн чоң түрткү, жетишкендик жана көндүмдөр. Ал жеткинчектерди жаңы бийиктиктерди багындырууга шыктандырат», - дейт аталган мектептин директору Нурбек Нишарапов.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up