Бишкекте кыргыз тилчи мугалимдердин эмгек акысы 8-9 миң сомду түзөт

Бишкекте кыргыз тилчи мугалимдердин эмгек акысы 8-9 миң сомду түзөт

Билим АКИpress - Бишкектеги мектептер менен бала бакчалардагы кыргыз тилчи мугалимдердин маянасы жумасына 20 сааттык эсепке жараша 8 миң 824 сомду жана 9 миң 164 сомду түзөт. Бул тууарлуу 24-августта калаадагы билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен мугалимдеринин кеңешмесинде шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, Бишкектеги 96 мектептин ичинен 13 мектепте окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Орус тилинде окутуу жүргүзүлгөн мектептердин саны — 29, ал эми аралаш тилде билим берген мектептердин саны — 54. Шаардагы сынактан өткөн 11 мектеп 2016-жылдан баштап көп тилдүү билим берүү долбооруна катышып келет.

«Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык, орус тилинде окутуу жүргүзүлгөн мектептерге мамлекеттик тил боюнча орун басарлардын штаттык бирдиги киргизилген. Азыркы учурда директордун 81 орун басары иштейт. Алардын орточо айлыгы 9 миң 690 сомду түзөт», - деди ал.

Бишкектеги бала бакчаларда 71 кыргыз тили мугалими иштейт. Шаарда жалпы 81 мектепке чейинки билим берүү уюму бар, алардын ичинен 12 бала бакча кыргыз тилинде, 53 бала бачка орус тилинде жана 20 бала бакча аралаш тилде билим берет.

С.Мейрманова ошондой эле кыргыз тилинде окутуу жүргүзүлгөн мектептердин окуу китептери менен камсыздалышы 100%ды, орус тилдүү мектептердики 97%ды түзөрүн маалымдады.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up