Таласта 30 мугалим ички иштер башкармалыгы тарабынан сыйлык алышты (сүрөт)

Таласта 30 мугалим ички иштер башкармалыгы тарабынан сыйлык алышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Бүгүн, 11-сентябрь күнү Талас облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан 30 мугалим сыйлык алышты. Бул тууралуу Талас облустук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Табылды Тилекматов билдирди.

Анын айтымында, Талас облусу боюнча жалпы 112 мектеп бар. «Өткөн окуу жылдагы жалпы жыйынтыкты чыгаруу боюнча семинар өтүүдө. Анда жаңы окуу жылына карата жаңы иш пландарды түзүп алабыз. Ички иштер башкармалыгы тарабынан бул иш-чара жаш өспүрүмдөргө карата уюштурулуп, мектеп окуучулары арасында кылмыштуулукту жоюу максатында өтүп жатат. Семинарга 120 мектептин директорлору жана соц.педогогдору келишти. Ар бир мектепте ички иштер бөлүмдөрү тарабынан жаш өспүрүмдөр менен иш алып барган инспекторлор бар. Алар менен тыгыз иштешип, тартиби жакшы делген 30 мугалимге өздөрүнүн грамоталарын тапшырышты», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up