Жалал-Абадда окуучулар айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырып жатышат

Жалал-Абадда окуучулар айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырып жатышат

Билим АКИpress - Жалал-Абад шаарында 4-5-класстардын окуучулары айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырып, дилбаян жазышууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн ага инспекторуАйбек Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, окуучулардын жол эрежесин сактоону өтүнгөн дилбаяндары, эртең, рейд учурунда унаа башкаргандарга таратылат.

«Окуучулар өз ой-пикирлерин жазышууда, жакшы жазылгандары тандалып алынып, милициянын жаш тескөөчүлөрү менен бирдикте айдоочуларга тапшырылат. Бул демилге азырынча шаарда жүрүп жатат. Калган район-шаарларда да колго алынат», - дейт А.Сатыбалдиев.

Жалал-Абад шаарында 17 миң 634 окуучу бар.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up