Ысык-Көлдө башталгыч класстын окуучуларына жол эрежелери үйрөтүлүүдө
Билим АКИpress - Ысык-Көл райондук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери район аймагындагы 30дан ашуун мектептин ар биринде 1-2-3-класстардын окуучулары үчүн жол эрежесин үйрөтүү боюнча атайын сабактарды өтүшүп, окуучулар менен эркин маек куруп жатышат. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн башчысы Тимур Кадыров билдирди.
Анын айтымында, мектептерге барган ар бир кызматкер өздөрү менен кошо көрсөтмө куралдарды да алып барып, жол эрежесин жеткиликтүү түшүндүрүүгө аракеттенишүүдө.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
×