Нарындык жаштар лидерлик жөндөмдүүлүк боюнча окууну аяктап, сертификаттарга ээ болушту (сүрөт)

Нарындык жаштар лидерлик жөндөмдүүлүк боюнча окууну аяктап, сертификаттарга ээ болушту (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарында жаштардын лидерлик квалификациясын жогорулатуу менен бирге командалык байланышын коомчулукка жайылтуу максатында 6 айлык окутуу жыйынтыкталып, бүтүрүүчүлөргө сертификаттар тапшырылды.

Маалым болгондой, бул окууну Нарын жаштар ордосу менен Жаштарды өнүктүрүү институту биргеликте жаштардын лидерлик квалификациясын жогорулатуу максатында уюштурушкан.

Нарын жаштар ордосунун жетекчиси Жыргал Ражаповдун айтымында, жалпы 25 бүтүрүүнүн ичинен 12си артыкчылык сертификаттарын алышты. «Ар бир райондордон жана айылдардан 25 адам окууну аяктап, аларга сертификаттар тапшырылды. Алардин ичинен 12 окуучубуз артыкчылык сертификатына ээ болушту. Ушуну менен токтоп калбастан, дагы да кабыл алуу иштери жүрүп жатат. Бул окуудан Нарын облусу боюнча жалпы 100гө чукул жаштар окуп бүтүрүштү. Буга чейинки бүтүрүүчүлөр окуунун натыйжалуулугунун негизинде өздөрүнүн аракети менен бир катар мамлететтик кызматтарда, эл аралык уюмдарда иштеп жүрүшөт», - деди Ж.Ражапов.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up