Белгилүү спортчу Акжол Махмудов Ноокаттын окуучуларына кеп-кеңештерин айтты

Билим АКИpress - Ноокат шаарынын Н.К.Крупская атындагы орто мектебинде «Балдар – биздин келечегибиз» аттуу райондук иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ноокат шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чарага Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Ниязбек Козуев, райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы, Ноокат районунун казысы, Ноокат шаардык мэриясынын тиешелүү адистери жана башка кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Ошондой эле иш-чаранын өзгөчө коногу Кыргызстандын намысын эл аралык мелдештерде татыктуу коргоп келе жаткан белгилүү спортчу, күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнөнүн бир канча жолку чемпиону Акжол Махмудов болуп, ал Ноокат шаарынын жаштарына өзүнүн мотивациялык кеп-кеңештерин берди .

Иш-чаранын негизги максаты – жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up