Баетов айылынын активисттери билимин жогорулатып, сертификаттарга ээ болушту

Баетов айылынын активисттери билимин жогорулатып, сертификаттарга ээ болушту

Билим АКИpress - Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын 3 активист жигити «Жаштар үчүн жаркын келечек» программасы боюнча 6 айлык курстан билим алып, сертификаттарга ээ болушту. Бул тууралуу активист Азамат Аскарбеков билдирди.

Анын маалыматына караганда, аталган программанын алкагында «Дилгир» жаш лидерлерди окутуу курсунда Азамат Аскарбеков, Ы.Мадиев жана Токтосанат Сапарбеков потенциалын өстүрүү, билимин жогорулатуу, лидерлик, жаштар менен иштөө, жаштар саясаты, адам укуктары менен милдеттери, көп түрдүүлүк, социалдык тармактарда иш алып баруу, долбоорлор менен иштөө, социалдык ишкерликти өздөштүрүү боюнча кеңири сабак алышты.

«Кайсы өлкөнүн келечегин көргүң келсе, ал өлкөнүн жаштарын кара дегендей, азыркы учурда билим инвестициясын жаштарга көбүрөөк салыш керек деп ойлойм. Бүгүн жаштарга татыктуу билим берип, улуттук баалуулукту, ата-бабадан калган каада-салтты, ыйманды замандын талабына ылайык инновациялык жетишкендиктерди өздөштүргөн жаштар өсүп чыкса, тарбияланса, келечекте өлкөнүн өсүшүнө өбөлгө болушмак», - дейт А.Аскарбеков.

Аталган окууну Германия эл аралык кызматташтык уюму, Нарын жаштар ордосу, Нарын жаштар институту, Жаштар жана спорт агенттиги биргеликте уюштуруп, бир катар жаштарды 6 ай окутуудан өткөрүп, сертификаттарды тапшырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up