Кара-Сууда мыкты мугалимдер сыйланды

Билим АКИpress - Кара-Суу райондук администрациясынан билдиришкендей, 5-октябрь — Мугалимдердин кесиптик майрамына карата чыгармачыл изденүү менен иштеген мугалимдер сыйланды.

«Кара-Суу районунда чыгармачылык менен иштеген, кароо-сынактарга активдүүлүк менен катышкан мугалимдерге, директорлордун уюштуруу иштери боюнча орун басарларына, мектепке чейинки билим берген тарбиячыларга аким Тилек Матраимов акчалай сыйлыктарды жана Ардак грамоталарды тапшырды. Анын ичинен мыкты чыгармачылык менен эмгектенген мугалимдер 2 миң сомдон акчалай сыйлыктарды алышты», - деди райондук админстрациянын социалдык бөлүмүнүн башчысы Нурланбек Кочкорбаев.

Кара-Суу районундагы жалпы 132 мектепте 4 миң 932 мугалим эмгектенет. Ал эми район боюнча 70 миң 322 окуучу бар. Райондогу жалпы 97 бала бакчада 544 тарбиячы иштейт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up