Базар-Коргондо кош майрам белгиленди

Билим АКИpress - Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда, бүгүн, 5-октябрда Карылар күнү жана мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу райондук маданият бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чаранын алкагында «Кадырлуу биздин карыларыбыз» жана «Мугалим менин сыймыгым» аттуу концерт уюштурулду.

Майрамдык салтанатта райондун мыкты мугалимдери Ардак грамоталар менен сыйланышты. Ошондой эле маданият тармагында эмгектенген пенсия курагындагы айымдарга жана китепканачыларга баалуу белектер тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up