Депутаттар мугалимдер менен маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу маселесин көтөрүштү

Депутаттар мугалимдер менен маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу маселесин көтөрүштү

Билим АКИpress - 11-октябрда Жогорку Кеңештин жыйыныда бир катар депутаттар мугалимдер менен маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу маселесин көтөрүп чыгышты.

Депутат Максат Сабиров («Республика – Ата Журт») маданият кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу зарыл экенин жана бул тармакта өсүп келе жаткан муунга көңүл буруу керектигин айтты. «Маданият кызматкерлерин даярдап жаткан жогорку окуу жайларга текшерүү жүргүзүү үчүн өкмөткө тапшырма берүүнү суранам. Ал жактарда окутуу кандай жүргүзүлүп жатат? Атайын окуу жайлар бар го. Мисалы, музыкалык класстарда тиешелүү аспаптар жок, алардын баасы кымбат, көптөн бери жаңылана элек. Ошого көңүл бургула», - деди ал.

Депутат Абдывахап Нурбаев (КСДП) бардык маселелер сапаттуу билим берүүдөн башталарын, мугалимдердин айлыгы жогорулатылмайынча, келерки жылдын бюджетин кабыл албоо керектигин баса белгиледи. Ал керек болсо, айрым мамлекеттик түзүмдөрдү кыскартуу менен сапаттуу билим берүүдөгү башкы критерий болгон мугалимдердин эмгек маянасын көтөрүү зарылдыгын айтты.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up