Кыргызстандык окуучулар Краснодардагы сынакта 34 мамлекеттин ичинен 1-орунду багындырышты

Кыргызстандык окуучулар Краснодардагы сынакта 34 мамлекеттин ичинен 1-орунду багындырышты

Билим АКИpress - Россия Федерациясынын Краснодар крайындагы Анапа шаарында 5-октябрдан 14-октябрга чейин эл аралык «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» сынагы болуп өттү. Ага Ноокат районундагы мектеп окуучулары катышты. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн маалымдашты.

Маалым болгондой, К.Бобулов атындагы «Баргы» орто мектебинин 6-классынын окуучуларынан түзүлгөн «Үч жарык» командасы 50 команданын арасынан 1-орунду багындырышты. Сынакка 34 мамлекеттен 50 команда катышкан. Жеңүүчүлөргө 1-даражадагы диплом жана баалуу белектер ыйгарылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up