Айдаркендеги мектепте «Жолдо жүрсөң сак бол, эрежеге так бол» аттуу иш-чара өттү (сүрөт)

Айдаркендеги мектепте «Жолдо жүрсөң сак бол, эрежеге так бол» аттуу иш-чара өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Бүгүн, 15-октябрда Айдаркен шаарындагы №20 О.Маканов атындагы орто мектебинин жетекчилиги тарабынан «Жолдо жүрсөң сак бол, эрежеге так бол» деген темада семинар өткөрүлдү. Ага шаардык ички иштер бөлүмүнүн автоинспекциясынын инспектору А.Абдуллаев, Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Г.Маматова, Айдаркен шаарынын вице-мэри А.Саитов, мектеп директору К.Мурзаева, ата-энелер комитеттери, мугалимдер жана окуучулар катышышты.

Башталгыч орус классынын мугалими Г.Кадырова 3-класстын окуучуларына «В гостях у светофора» деген темада, ал эми башталгыч кыргыз классынын мугалими Э.Таштанбаева «Жолдо жүрсөң абайла» деген темада кызыктуу тарбиялык сааттарды өтүштү. Мектептеги жол кыймылынын жаш тескөөчүлөр командасы өздөрүнүн дубал гезиттерин жактап, бийлерин тартуулашты.

Семинардын жүрүшүндө автоинспектор катышуучуларга жол кырсыгынын алдын алуу боюнча кеңири түшүндүрмө берип, ата-энелерге, мугалимдерге жана окуучуларга жолдо жүрүү эрежелерин сактоо боюнча брошюраларды таратты. Келген коноктор, ата-энелер өздөрүнүн жакшы сөздөрүн айтышып, иш-чаранын соңунда мектеп директору семинардын мыкты деңгээлде өткөндүгүн баса белгилеп, уюштурган мугалимдерге, келген ата-энелер менен конокторго ыраазычылык билдирди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up