Жалал-Абадда мугалимдер менен окуучуларга жол эрежелери боюнча сабактар өтүлүүдө

Жалал-Абадда мугалимдер менен окуучуларга жол эрежелери боюнча сабактар өтүлүүдө

Билим АКИpress - Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн кызматкерлери облустун бардык аймагындагы мектептерде жол эрежелери боюнча сабак өтүшүүдө. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн ага инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыктарын алдын алуу жана балдардын катышуусундагы жол кырсыктарын болтурбоо максатында түрдүү ыкмалар менен мугалимдерге жана окуучуларга сабак өтүлүп жатат. «Ошондой эле башталгыч класстардын мугалимдери менен маалымат жыйындар уюштурулуп, ЕККУнун жардамы аркылуу мугалимдер жана окуучулар үчүн жасалган жол эрежелери боюнча колдонмолор таратылууда», - дейт А.Сатыбалдиев.

Жыл башынан бери жаш балдардын катышуусунда 115 жол кырсыгы катталган. Жол кырсыктарынын кесепетинен 15 бала каза тапкан.



Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up