Ноокаттык окуучулар Россиядагы сынакта 49 команданын эң мыктысы болду (сүрөт)

Ноокаттык окуучулар Россиядагы сынакта 49 команданын эң мыктысы болду (сүрөт)

Билим АКИpress - Россия Федерациясынын Анапа шаарындагы сынактан 1-орунду утуп келген «Үч жарык» командасын Ош эл аралык аэропортунан салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Ош ОИИБдин колдоосу менен Ноокат районунун К.Бобулов атындагы мектебинин жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн «Үч жарык» командасы Россия Федерациясынын Анапа шаарында өткөн эл аралык сынакта КМШ өлкөлөрүнүн арасындагы 49 команданын ичинен 1-орунду багындырышты.

Жеңүүчүлөрдү кечээ, 18-октябрь күнү, Ош эл аралык аэропортунан Ош ОИИБдин Жол кыймылынын камсыздоо кызматы, облустук администрациясынын кызматкерлери жана алардын ата-энелери, туугандары күтүп алышты.

Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү өздөрүнүн активдүүлүгү менен бардык жол кыймылынын эрежелерин жакшы билгендигин далилдешип, андан сырткары, «Манас» эпосун орус тилинде айтышып, өзгөчөлүгүн көрсөтүштү жана алдыңкы орунду камсыздашты.

Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн «Үч жарык » командасы 2005-жылы Ош областынын аймагында болуп өткөн кароо-сынакка биринчи жолу катышып, 3-орунга ээ болушуп, 2010-жылы Бишкек шаарында өткөн сынакта 5-орунду алышкан. Андан кийин, 2018-жылы Ош облусунда 7 команданын арасынан 1-орунга, республикада 9 команданын арасынан 1-орунга, Казак Республикасынын аймагында өткөрүлгөн КМШ өлкөлөрүнүн арасында өткөрүлгөн 18-жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн кароо сынагында 3-орунга ээ болушкан.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up