Геология институтунун 75 жылдыгына арналган илимий конференция өттү

Геология институтунун 75 жылдыгына арналган илимий конференция өттү

Билим АКИpress - 1-ноябрда академик М.Адышев атындагы Геология институтунун 75 жылдыгына арналган илимий конференция өттү. Иш-чараны Геология институтунун директору, геолого-минерологиялык илимдеринин доктору Кадырбек Сакиев ачып, катышуучуларды куттуктады.

Конференцияда физика-техникалык, математикалык жана тоо-кен-геологиялык илимдер бөлүмүнүн төрагасы, академик Аскар Кутанов куттуктоо сөзүн айтты. «Илимдер академиясы менен кошо Геология институту да түзүлгөн. Ошол учурдан бери институтта көрүнүктүү окумуштуулар, кесипкөй адистер иштеп келе жатат. Көптөгөн илимий ачылыштар ачылып, карталар түзүлүүдө. Кыргызстандагы илим тармагына чоң салымын кошкон институттардын бири», - деп кошумчалады ал.

Ошондой эле КР УИАнын башкы окумуштуу катчысы, биология илимдеринин доктору Бекмамат Жээнбаев УИАнын президентинин атынан куттуктап, институттун бир топ ийгиликтерге жетишкендигин белгиледи.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын түндүк аймагындагы негизги геоэкологиялык көйгөйлөр, Тянь-Шандагы географиялык изилдөөлөр, ресурстарынын жалпы маселелери боюнча темалар талкууланды.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up