Кыргыз илимдер академиясы Молдова жана РИАнын Сибирдеги бөлүмү менен кызматташат

Кыргыз илимдер академиясы Молдова жана РИАнын Сибирдеги бөлүмү менен кызматташат

Билим АКИpress - 14-ноябрда УИАда СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын 75 жылдыгына арналган «Академиялык илим: тажрыйбалар, көйгөйлөр жана келечек» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Иш-чараны УИАнын президенти, академик Мурат Жжуматаев ачты. «КР УИА академиялык илимдин артыкчылыктуу деп тандалган багыттардын алкагында актуалдуу фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүп жатып, академиялык инновациялык системанын тең салмактуу динамикалык өнүгүүсүнө, экономиканын инновациялык өсүшүнө шайкеш келген илимий изилдөөнүн деңгээлине жана коюлган милдеттер менен максаттарды чечүүгө багытталган жогорку деңгээлдеги илим изилдөөчү борбор болууга жетүүгө аракет кылат», - деп белгиледи ал.

Конференциянын жүрүшүндө Армения Республикасынын УИАсынын Табигый илимдер бөлүмүнүн академик-катчысы, корреспондент-мүчө Рубен Арутюнян, Монголиянын УИАсынын окумуштуу катчысы Авид Будээбазар жана К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, корреспондент-мүчө Рысбек Нургазиев баяндама окушту.

Ошондой эле Молдова илимдер академиясынын вице-президенти Ион Гучак жана РИАнын Сибирдеги бөлүм башчысынын орун басары Михаил Иванович Воевода менен УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев тарабынан илимий-техникалык кызматташуу келишимине кол коюлду.

Конференцияга Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Армения, Белоруссия, Украина, Россия, Молдова республикаларынын жана Монголия, Кытай өлкөлөрүнүн окумуштуулары катышты.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up