Сузактагы мектеп-гимназиянын окуучуларына Түркиядан акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү

Сузактагы мектеп-гимназиянын окуучуларына Түркиядан акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү

Билим АКИpress - Сузактагы №4 Б.Шамшиев атындагы мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүлөрүнө Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен түрк тилин үйрөнүүнүн колдонмолору жана китептер акысыз тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, түрк элинин маданиятын, тилин үйрөнгөн окуучулар Түркиядагы ЖОЖдорго тапшырып, акысыз билим алууга шарттар түзүлгөн.

Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу астында «Томор» түрк окуу борбору менен Сузак райондук балдар чыгармачыл борборунун келишиминин негизинде райондогу Б.Шамшиев мектебинин 9-10-11-класстарынын окуучуларынын арасында түрк тилин үйрөнүүнү каалаган бүтүрүчүлөргө окуу китептерин, котормо китептерин тапшырдык. Мындай колдонмону акысыз тапшыруубуздун негизги максаты — келечекте биздин окуучулар Кыргызстанда эле эмес, дүйнөнүн башка өнүккөн өлкөлөрүнөн өз билимин өркүндөтүүсү.

Мындан сырткары, түрк тилин мыкты өздөштүргөн окуучулар окуу жылынын аягында тест тапшырып, андан жогорку упай топтогондор Түркиядагы окуу жайларга акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк алышат», - дейт Сузак райондук балдар чыгармачыл борборунун түрк тили мугалими Казыбек Сулайманов.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up