Фото — Президент Жээнбеков илим жана техника жаатындагы ишмерлерге сыйлык тапшырды

Фото — Президент Жээнбеков илим жана техника жаатындагы ишмерлерге сыйлык тапшырды

Билим АКИpress - Президент Сооронбай Жээнбеков 23-ноябрда илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы мааламдады.

Президент сыйланып жаткан ар бир лауреаттын атын атап, жасаган иштери үчүн тереӊ ыраазычылыгын билдирди. Лауреаттарды көптөгөн талапкерлердин арасынан тандалып, жогорку мамлекеттик сыйлыкка ээ болушу менен куттуктады.

«Бул сыйлыктын артында көп жылдар бою кылган мээнет, түгөнбөгөн түйшүк, түн уйкусу жок изденүүлөр турат. Сиздердин эмгегиӊиздерди мамлекеттик жогорку сыйлык менен белгилөө — адилеттиктин иши болду. Мамлекет өз жарандарынын мекенге арнаган эмгегин баалап, аларды сыйлап, барктап алыш керек. Коомдогу ардактуу ордун тастыктап, расмий белгилеп туруш керек. Бүгүн биз ошол миссияны аткарып жатабыз», - деди Сооронбай Жээнбеков.

«Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон илимий эмгектер өлкөбүздүн актуалдуу маселелерин чечүүгө пайдасы тиет, элдин турмуш шартын жакшыртууга таасир этет деп ишенем. Өлкөнүн өнүгүшүнө жана элибиздин бакубат жашоосуна өз салымыңарды кошо бергиле! Жаңы илимий жетишкендиктерди, ачылыштарды, бекем ден соолук, бакубат жашоо каалайм!», - деп сөзүн жыйынтыктады президент. Андан соң лауреаттарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up