Билим жана илим мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүн камсыз кылган негизги фактор болушу керек, - президент

Билим жана илим мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүн камсыз кылган негизги фактор болушу керек, - президент

Билим АКИpress - «Илимди абстракттуу изилдөөлөргө эмес, экономиканы, социалдык чөйрөнү, жалпы мамлекетти өнүктүрүүгө багыттоо зарыл. Практика менен илимди айкалыштырып, учурда талап кылынып жаткан адистик атайын кесиптерди өнүктүрүүгө көңүл бурушубуз керек. Конкреттүү иш жасаган адистер аз болуп жатат», - деп белгиледи президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-ноябрда, илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде.

Сооронбай Жээнбеков илимий изилдөөлөр үчүн мамлекеттик буйрутма өкмөттүн деӊгээлинде аныкталып, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн кандай багыт боюнча, кайсыл маселени изилдөө керектиги, ага канча каражат бөлүнөрү белгилениш керектигин айтты.

Президент белгилегендей, илим менен билим азыркы тапта дүйнөлүк экономикалык өнүгүүнүн негизги фактору болуп калды. Дүйнөлүк банктын «Дүйнөлүк өнүгүүнүн отчету» деген материалында дүйнөдөгү экономикалык өсүштүн 60тан 80%га чейинки үлүшүн илимий факторлор түзөт деп белгиленген.

«Биздин өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн илимдин, билимдин, интеллектуалдык ресурстун мааниси өзгөчө. Биз эмгек ресурстарынын саны менен атаандаштыкка туруштук бере албайбыз. Биз өнүгүү, атаандаштыкка туруштук берүү үчүн калктын саны эмес, адам ресурстарынын сапатына көңүл бурушубуз керек. Билим жана илим мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүн камсыз кылган негизги фактор болушу керек», - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Ал келечекте нанотехнология, биотехнология, композиттүү материалдар, маалыматтар технологиялары глобалдык экономиканын жүзүн аныктай турганын белгилеп, бул багыттагы иштерди ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен өнүктүрсө болорун белгиледи.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up