Ноокатта мугалимдер окуу программаларын электрондук вариантта колдонуу боюнча талкуу жүргүзүштү

Билим АКИpress - 28-ноябрь күнү Ноокат районунун А.Мамыров атындагы орто мектебинде «Билим булагы», «Айбилим» программаларынын алкагында электрондук программалоо боюнча аймактык семинар болуп өттү.

Семинарга райондогу мектептердин окуу бөлүм башчылары жана информатика мугалимдери катышып, анда мектептердеги окуу программаларын электрондук вариантта колдонуунун эффективдүүлүгү жана анын таасири боюнча сабактар, талкуулар болуп, аны массалык жайылтууну колго алуу боюнча сунуштар айтылып, тапшырмалар берилди.

Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетинин усулчусу Зайнабидин Мамасадыков семинарды өткөрүүдөгү максат билим берүүнү заман талабына жана жаңы стандарттарга ылайыктап жүргүзүүнү колго алуу экендигин билдирди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up