Ноокатта «Милициянын жаш жардачысы» аттуу сынактын райондук туру жыйынтыкталды

Билим АКИpress - Ноокат районунун М.Гапаров атындагы жөндөмдүү балдардын жатак гимназиясында «Милициянын жаш жардачысы» аттуу кароо-сынактын райондук туру өттү. Ал Ноокат райондук билим берүү бөлүмү, балдардын чыгармачылык борбору жана Ноокат райондук ички иштер бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Сынакта мектеп окуучулары жободо белгиленген тапшырмаларды аткарышты. Жыйынтыгында 1-орунду М.Гапаров атындагы жөндөмдүү балдар жатак гимназиясынын «Шумкар» бөлүмчөсү багындырып, облустук турга жолдомо алды. Ал эми 2-орунду «Үч-Бай» орто мектебинин «Багыт» тайпасы, 3-орунду Т.Темиралиев атындагы орто мектебинин «Үч жарык» жана У.Салиева атындагы орто мектебинин «Ынтымак» командалары камсыз кылышты.

Иш-чаранын максаты — жаш өспүрүмдөрдү кесипке багыттоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана биримдикти бекемдөө.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up