Ноокаттын Россияда эмгектенген тургундары айылдык бала бакчанын чатырын алмаштырып беришти (сүрөт)

Ноокаттын Россияда эмгектенген тургундары айылдык бала бакчанын чатырын алмаштырып беришти (сүрөт)

Билим АКИpress - Ноокат районундагы Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Байыш айылынын Россияда эмгектенген тургундары өз айылына жардам берүүшүдө. Алар бала бакчага шарт түзүп, чатырын алмаштырууга 42 миң сом акча каражатын жиберишкен. Бул тууралуу «Байыш Нуру» бала бакчасынын жетекчиси Кызайым Маматова маалымдады.

Анын айтымында, бала бакчанын имараты 50 жыл мурун курулуп, ал мурда сүт ашканасы болгон. Мындан 2 жыл мурда айыл өкмөт тарабынан имараттын ичи оңдолуп, бала бакчага айланган. Имараттын чатырын алмаштырууга быйыл Россияда эмгектенип жүргөн айыл тургундары 42 миң сом акча которушту. Айыл өкмөт 40 миң сомдук шифер жана терек берди. Байыш айылынын дагы бир жашоочусу цемент заводунун жетекчиси болгондуктан, ал 3 тонна цемент түшүрүп берди. Ал цементти бассейн курууга, тосмо койгонго, короодо эс алуучу чатырчанын пайдубалын (беседка) курууга жумшадык», - деди К.Маматова.

Байыш Нуру» бала бакчасы мамлекеттик, учурда 50 бала тарбияланууда.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up