ӨКМнин Чүй облустук башкармалыгы тарабынан мектеп, бала бакчаларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

ӨКМнин Чүй облустук башкармалыгы тарабынан мектеп, бала бакчаларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Билим АКИpress - КР ӨКМнин Чүй облустук башкармалыгы тарабынан Москва районунун Ак-Суу айылындагы №1 орто мектебинде жана Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылындагы «Жомок» бала бакчасында өрт коопсуздук эрежелерин түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аталган иш чара боюнча аймактык кабарчыга КР ӨКМнын пресс кызматы билдирди.

«Биз иш чаранын алкагында: жаш балдардын өрт менен ойноосуна тыюу салуу; өрт кырсыктарын алдын алуу боюнча конкурс викториналарды уюштуруу жөнүндө нускама; баштапкы өрт шаймандарын туура колдонууну үйрөтүү; өрт кырсыгы катталганда туура чечим кабыл алууну үйрөтүү; -өрт кырсык катталган учурда жаш балдарды эвакуациялоо боюнча нускама; -101, 112 телефон номерлери жөнүндө баяндоо боюнча окутуулар болду», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Кант шаарынын мектеп окуучуларына шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө ачык эшиктер күнү уюштурулуп, окуучуларга өзгөчө кырдаалдарда өзүн алып жүрүү эрежелери боюнча видеороликтер көрсөтүлдү.


Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up