УИА Шэньсий педагогикалык университетинин өкүлдөрүн кабыл алды

УИА Шэньсий педагогикалык университетинин өкүлдөрүн кабыл алды

Билим АКИpress - 12-декабрда КР УИАнын президенти, академик Мурат Джуматаев Шэньсий педагогикалык университетинин өкүлдөрүн кабыл алды. Был тууралу УИАнын эл аралык кызматташуу жана коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Жолугушууга Шэньсий педагогикалык университетинин Тарых факультетинин деканы - Хы Джилун (HE ZHILONG), Эл аралык бөлүмүнүн башчысы – Сю Фен (XU FENG), Тарых факультетинин профессору Ван Гуоцзье (WANG GUOJIE) жана Музыка университетинин деканы Джан Цзюнжен (ZHANG JUNREN) келишти.

Университеттин Тарых факультетинин деканы Хы Джилун Кытайда кыргыз борборун, ал эми Кыргызстанда кытай борборун ачуу, Кыргызстандын илимпоздору, жаш окумуштуулары менен биргелешип кызматташуу, тажрыйба алмашуу боюнча сунушу менен келгендигин билдирди.

Академик М.Джуматаев борборду Кыргызстанда да, Кытайда да ачууга, кытай өкүлдөрүнүн сунуштарына көмөктөшүүгө даяр экендигин айтып: «Кыргызстандын тарыхы боюнча материалдарды, китептерди, журналдарды чогултууга жардам беребиз. Кыргыз борборунун Кытайда ачылышына кызыкдарбыз жана колдойбуз. Кыргызстанда да Кытай борборунун ачылышына колдоо көрсөтөбүз», – деди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up