Ч.Айтматов институту — дүйнөлүк аренада

Ч.Айтматов институту — дүйнөлүк аренада

Билим АКИpress - Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси дүйнөлүк масштабда эң жогорку деңгээлде өттү жана өтүп жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков өзү алдыңкы сапта туруп, дүйнөлүк жазуучуну пропагандалап келди. Башкы мекемелер жана уюмдар менен бирге Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кызматкерлери улуу жазуучу жөнүндө 34 китепти даярдоо менен бирге эл аралык конференцияларга активдүү катышышты.

Алсак, академик А.Акматалиев (Түркия, Өзбекстан, Казакстан), А.Кадырманбетова (Кытай, Казакстан), Н.Ыйсаева (Кытай, Азербайжан), Р.Сырдыбаева (Россия, Түркмөнстан) ж.б. Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча илимий баяндамаларды жасашып, китеп жана сүрөт, видео көргөзмөлөрүн уюштурушту.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up