Нарын казыятында ашпозчулук кесипке ээ болгондорго сертификаттар тапшырылды (сүрөт)

Нарын казыятында ашпозчулук кесипке ээ болгондорго сертификаттар тапшырылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облустук казыятында жыл башынан бери ашпозчулук кесипке даярдоо багытында атайын курс ачылып, андан 45 кыз-келиндер кесипке ээ болуп чыгышты. Бул тууралуу казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Сеит Исаев билдирди.

Анын маалыматы боюнча, «АВЕП» кайрымдуулук коомдук фондунун демөөрчүлүгү астында бир жарым ай убакыт аралыгында атайын адистер ашпозчулуктун сырлырын ачып, кесипке үйрөтүп чыгышты. Жакында бүтүүчүлөр кесиби боюнча сынак тапшырышып, дипломдук иштерин жакташып, атайын сертификаттарга ээ болушту. Аларга казыяттын жетекчилиги жана кайрымдуулук фондунун өүлдөрү салтанаттуу түрдө ашпозчу экенин тастыктаган сертификаттарды тапшырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up