Ноокаттын эң мыкты жаш мугалимдери аныкталды (сүрөт)

Ноокаттын эң мыкты жаш мугалимдери аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Ноокат районунда алгачкы ирет «Мыкты жаш мугалим - 2018» кароо-сынагы болуп өттү. Сынак буга чейин бир да жолу өткөрүлгөн эмес. Бул тууралуу билим берүү бөлүмүнүн басма сөз катчысы Зайнабидин Мамасадыков маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, сынакка 28 жашка чейинки жаш мугалимдер катышты. «20-декабрь күнү Ноокат районунда «Мыкты жаш мугалим -2 018» кароо-сынагынын райондук жыйынтыктоочу туру болуп өттү. Сынак Ноокат райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулуп, 3 этапта, мектеп ичинде аймактык жана райондук туру болду. Жалпысынан аймактык турга эмгек стажы 5 жылга чейинки 78 жаш мугалим катышып, райондук турда 14 мугалим «Мыкты жаш мугалим» номинациясы үчүн ат салышты.

Сынак эки бөлүмдөн туруп, биринчи бөлүмүндө катышуучулар «Менин педагогикадагы ролум», «Менин биринчи сабагымдагы таасирлер», «Менин педагогикалык философиям» деген аталыштардагы эсселерин жакташты. Экинчи сахналык бөлүмдө «Мен, окуучум жана сабагым ааламдашуу доорунда» аталышында мастер-класстарын, «Менин педагогикалык философиям» аталышындагы чыгармачылык презентацияларын көргөзүштү», - деди Зайнабидин Мамасадыков.

Жыйынтыгында Н.Исанов атындагы айыл аймагында жайгашкан Байыш орто мектебинин математика мугалими Абдимарип кызы Айпери 1-орунду, Ноокат шаарынын А.Абдувоитов атындагы орто мектебинин орус тили мугалими Гүлнара Мурзабаева 2-орунду жана Көк-Жар айыл өкмөтүндөгү Каранай толук эмес орто мектебинин англис тили мугалими Даткайым Шамшидин кызы 3-орунду камсыздашты.

Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан кубок жана ардак грамоталар тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up