Ак-Талаада предметтик олимпиадада жеңген 30 окуучуга ЖОЖдун сертификаттары тапшырылды (сүрөт)

Ак-Талаада предметтик олимпиадада жеңген 30 окуучуга ЖОЖдун сертификаттары тапшырылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районунда окуучулар ортосунда райондук олимпиада өтүп, жеңүүчү окуучулар жана орто мектептер аныкталды. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, 22-декабрь күнү 10 сабак боюнча өткөрүлгөн олимпиадага Кыргыз мамлекеттик экономикалык университетинин мугалими Мирлан Кенжебаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев, мектеп директорлору, мугалимдер жана райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери катышты.

Олимпиаданын жыйынтыгында жалпы упайлык көрсөткүч менен 1-орунга Кара-Бүргөн айылынын М.Базаркулов атындагы орто мектеби, 2-орунга Баетов айылынын Э.Карасартов атындагы орто мектеби, 3-орунга Кош-Дөбө айылынын Э.Мейманов атындагы орто мектеби жана 4-орунга Жаңы-Талап айылынын Байымбет атындагы орто мектеби жетишип, диплом менен сыйланышты. Ал эми 1-2-3-орундарды камсыздаган окуучуларга райондук билим берүү бөлүмүнүн дипломдору, Ч.Айтматовдун китептери жана Кыргыз мамлекеттик экономикалык университетинин сертификаттары тапшырылды.

«Буга чейин бул олимпиаданы 3 өрөөнгө бөлүп өткөргөнбүз. Өзгөчөлүктөрүн айта кете турган болсом, олимпиада учурунда же тактап айтканда, тест алуу учуру видеокөзөмөл аркылуу жүргүзүлдү. Андан сырткары, Кыргыз мамлекеттик экономикалык университети менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын негизинде ал окуу жайдын мугалими Мирлан Кенжебаев мырза өзү катышып, 1-2-3-орундарды камсыздаган 30 окуучуга сертификат иапшырды. Бул сертификатты алган окуучулар аталган окуу жайга тапшырып калса, 10% жеңилдик берилет», - деди райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Эсеналиев.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up